Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Ислам Каримовдун абалы тууралуу ар кыл маалыматтар айтылууда


Ислам Каримов.
Ислам Каримов.

Азырынча өзбек өкмөтү президенттин акыбалы тууралуу кошумча маалымат бере элек. Орусиялык айрым маалымат каражаттары Ислам Каримовдун өлгөнү тууралуу айтылгандарды Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктаган жок деп жазышты. Би-би-си “Каримовдун өлгөнү тууралуу маалымат тастыкталган жок” деп билдирди. “Дарыгерлердин маалыматы боюнча, анын абалы туруктуу” деп жазды «Интерфакс». Ушундай эле маалыматты өздөрүнүн булагына таянып, Орусиялык РИА Новости да ырастады.

Life.ru менен маегинде Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты тастыктаган жок.

Ага чейин айрым орусиялык кабар булактары "Фергана" маалымат агенттигине таянып, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов мээсине кан куюлуп, өлдү деген маалымат таратышкан.

Би-би-синин ишенимдүү булагынын билдиргени боюнча, 78 жаштагы Ислам Каримов Ташкендеги оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG