Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:13

Автокырсыктан каза тапкандардын ичинде эки жумалык ымыркайлар болгон


ӨКМдин берген маалыматы боюнча, 27-августта Бишкек-Ош жолунда эки унаанын кагышуусунан тогуз киши набыт болуп, бир гана алты жаштагы бала аман калган. Ал ооруканада, абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда.

Каза болгондордун арасында 14 жаштагы секелек кыз, төрөлгөнүнө эки жума боло элек эгиз ымыркайлар болгон.

Маалыматтарга ылайык, Таласты көздөй бара жаткан “Митсубиси” автоунаасында каза болгон төрт киши туугандар болуп чыккан. Ал эми экинчи автоунаа Бишкекти көздөй келе жаткан “Фольксваген” унаасында толук бир үй-бүлө болгон.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG