Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Бишкектеги Кытай элчилигинин жанында жарылуу болгону кабарланууда


Жарылуу болгон жерге барган өрт өчүрүүчү унаа.
Жарылуу болгон жерге барган өрт өчүрүүчү унаа.

Бишкектеги Кытай жана АКШ элчиликтери жайгашкан райондо жарылуу болгонун бүгүн социалдык тармактарда жазып чыгышты. Ички иштер министрлиги милиция азыр окуя болгон жерге жөнөп кеткенин, жеткенден кийин маалымат берилерин кабарлады.

Тактала элек маалыматтарга караганда, Кытай элчилигинин алдында машине жарылып, күзөтчүлөр жапа чеккен. Азыр район курчоого алынганы кабарланууда. Элчиликке жакын жайгашкан жердеги үйлөрдүн терезелери титиреп кеткенин жашоочулар "Азаттыкка" билдиришти.

Жарылуу болгон жерге барган милиция кызматкерлери.
Жарылуу болгон жерге барган милиция кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG