Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Жарылуу Кытай элчилигинин ичинде болгону айтылууда


Жарылуу болгон жердеги милиция кызматкери
Жарылуу болгон жердеги милиция кызматкери

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде бүгүнкү жарылуу имараттын ичинде болгон деген маалымат бар. Бул тууралуу жеринен "Азаттык" радиосунун кабарчылары билдиришти.

Азыр бул районду милиция курчап турат. Ал жерде "Тез жардам" кызматы да жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элчиликтин жанындагы имараттын үстүнөн коюу түтүн чыгып жатканын, азыр куткаруучу, өрт өчүрүүчүлөр барганын кабарлады.

Кытай элчилигине жакын жайгашкан райондордун жашоочулары жарылуу катуу болгонун жана үйлөрдүн терезелери титиреп кеткенин "Азаттыкка" маалымдашты. Тактала элек маалыматтар боюнча, элчиликтин батыш тарабындагы дарбазасында машине жарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG