Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жарылуудан бир адам набыт болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын-ала маалыматтар боюнча, Кытайдын Бишкектеги элчилигиндеги жарылууда бир адам каза таап, экөө жаракат алды. Азыр ӨКМнын куткаруу кызматы, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардамдын" өкүлдөрү окуя болгон жерде жүрүшөт. Министр Кубатбек Боронов да ал жерге жөнөп кетти.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги бүгүнкү жарылуу имараттын ичинде болгон деген маалымат бар. Азыр бул районду милиция курчап турат. Тактала элек маалыматтар боюнча, элчиликтин батыш тарабындагы дарбазасында машине жарылган. ​

Кытай элчилигине жакын жайгашкан райондордун жашоочулары жарылуу катуу болгонун жана үйлөрдүн терезелери титиреп кеткенин "Азаттыкка" маалымдашты. (NT)

XS
SM
MD
LG