Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Разаков: жанкечтинин ким экени азырынча белгисиз


Жардыруудан кийин.
Жардыруудан кийин.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, бүгүнкү жардыруудан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин үч кызматкери жаракат алды. Жардырууну жанкечти ишке ашырган. Ал "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү жардыргыч зат салынган автоунаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирген. Катуу жарылуу болуп, автоунаадан жана жанкечтиден эч нерсе калган эмес. Жардырууну уюштурган адамдын ким экени азырынча белгисиз. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG