Бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышты. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон. Алар президентти, Жогорку Кенештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны ѳзгѳртүүдѳн баш тартууга үндөп, учурдагы Конституцияны ѳзгѳртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн экенин эске салышты.
"Мурдагы Конституциялар да саясий күрѳштүн барымтасында калып, тиги же бул адамдын кызыкчылыгы үчүн далай жолу ѳзгѳртүлгөн. Учурдагы Конституция мындай тоталитардык кол салуудан жакшыраак корголгон, ал бийликти жеке басып алууну каалаган адамдарга жол бербейт, тоскоолдук кылат. Алты жыл ѳткѳндѳн кийин биздин Конституциянын артыкчылыктарына күбѳ болуп турабыз. Ошондуктан биз Конституцияга ѳзгѳртүү киргизүү демилгесине гана эмес, анын ички мазмунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз", - деп жазылган убактылуу өкмөттүн кайрылуусунда.
27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Оппозиция жана жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонушууда.
Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон фракциялардын жетекчилери менен жолугушуп, сын пикирлерди эске алуу менен бул багыттагы коомдук талкуу эки жумага узартылган. (NT)