Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

FBI: Шайлоочулар базасына чабуул жасалды


АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу кеминде эки жерде шайлоочулардын онлайн системасы хакерлердин чабуулуна кабылганын жарыялады. Мекеме Иллинойс жана Аризонада шайлоочуларды каттоого алган системанын ишине тыштан кийлигишүү болгонун, ошондуктан компьютерлердин коопсуздугуна өтө сак болуу керектигин эскертти.

АКШ мындай аракеттердин артында Орусия жана башка мамлекеттер каржылаган, АКШдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр турат деп эсептейт.

Бирок Кремль бул чабуулдарга тиешеси жоктугун айтып келет.

Мамлекеттик базада шайлоочулардын аты-жөнү, жашаган жери жана башка жеке маалымат сакталат.

Июль айында Иллинойс штатындагы базадан 200 миң шайлоочу тууралуу маалымат уурдалганда система 10 күндөй иштебей турган.

Президенттик шайлоо АКШда быйыл күзүндө өтөт. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG