Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Жалал-Абад: өрттө каза тапкан үч кыздын сөөгү жерге берилди


Өрт кырсыгында Кыргызстандык он төрт кыз каза тапты.
Өрт кырсыгында Кыргызстандык он төрт кыз каза тапты.

Бүгүн Москвадагы өрттө каза тапкан Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Курулуш айылында Махигүл Азимжан кызы, Сузактын Кыз-Көл айылында Динара Раимкулова жана ушул эле райондун Лавдан-Кара айылында Айчүрөк Абдумаматованын сөөктөрү жерге берилди. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, маркумдардын тажыясына президенттик аппараттын башчысынын орун басары Аалы Карашев жана жергиликтүү жетекчилер катышты. Президенттин фондунан маркумдардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон акча тапшырылды.

Маркум Айчүрөк Абдумаматова Өзбекстанга турмушка чыккан. Бирок чек ара жабыктыгына жана документ иштери бүтпөй калгандыгына байланыштуу анын сөөгү өзү туулган жерге коюлду. Анын Өзбекстандагы кайын-журту да чек арадан өтүп келе алышкан эмес.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар. Жетөө Ош, үчөө Жалал-Абад облусунун тургундары. Дагы үчөө Ысык-Көл облусунун, бирөө Чүй өрөөнүнүн тургундары болчу. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG