Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Тоңдо майыптардын марафону башталды


Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда "Көз карандысыз жашоо үчүн!" деп аталган марафон башталды. Бул тууралуу район акиминин орун басары Нурия Төлөнгүтова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, марафон Ысык-Көл облусунун Майыптар ассоциациясынын демилгеси менен уюшулган. Марафонго 30га чукул, анын ичинде Финляндия, Казакстан, Тажикстандан келген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышууда. Марафон Бөкөнбаев айылынан башталып, Каракол шаарында аяктайт. Жүрүш учурунда анын катышуучуларын патрулдук милиция кызматкерлери коштоп жүрөт. Иш-чара 6-сентябрда аяктайт. (AsM)

XS
SM
MD
LG