Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Италиянын жээк күзөтчүлөрү 6,5 миңге жакын качкынды сактап калды


Италиянын деңиз жээгиндеги күзөтчүлөрү дүйшөмбү күнү 6,5 миңге жакын качкынды сактап калды. Ливиянын жээгинде жалпысынан 40 операция жүргүзүлдү. Күзөтчүлөр жыл башынан бери бул эң оор күн болгонун айтууда.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, быйыл жалпысынан 105 миң мигрант Италияга кайык менен жеткен, 3 миңдейи Жер ортолук деңизде жээкке жетпей мерт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG