Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

ИИМ: Эгемендикти майрамдоо учурундагы коопсуздук күчөтүлөт


Бишкек
Бишкек

Майрамдык салтанат учурунда коопсуздукту камсыздоого үч миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Мындан тышкары адистер тарабынан коомдук-саясий кырдаал иликтөөгө алынып, тартип бузуу жана кылмыштардын алдын алуу үчүн чаралар көрүлөт.

Коопсуздукту камсыздоо максатында диний лидерлер жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, мыйзамдарды бекем сактоого жана кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөөгө багытталган чараларды бирге көрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Темир жол, аэропорт, мейманкана жана башка чет элдик жарандар көп топтолчу жерлерде кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Майрам күндөрү райондук, шаардык, республикалык ички иштер органдары түнү-күнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Майрамдык иш-чаралар өтүүчү, эл көп топтолуучу жерлерди кайтаруу күчөтүлдү. Андай жерлер милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынат, адамдар атайын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу металл издөөчү жарактардын текшерүүсү менен киргизилип, чыгарылат.

ИИМ элди сак болууга, коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG