Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Футбол: Кыргызстан - Казакстан беттеши башталды


Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын жолдоштук беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат кечки 8де башталды. Казакстан менен акыркы эки беттешүүсүндө Кыргызстандын курама командасы жеңилүү ызасын тарткан.

Оюн Москвадагы өрттө каза тапкан 14 кыргызстандык кызды эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен башталды. Ошондой эле кыргыз футболчулары оюнга кара тасмаларды тагынып чыгышты.

27-августта Москвада өрттөн кыргызстандык кыз-келиндер набыт кеткен, ага байланыштуу Кыргызстанда кечээ Аза күтүү күнү болгон.

Бул жолдоштук беттеш Эгемендиктин 25 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG