Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Песков АКШнын хакерлер тууралуу айыптоосун негизсиз деп атады


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Орусия АКШнын шайлоо системасын бузууга аракет жасаган деген айып негизсиз. Бул тууралуу бүгүн орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Мындай жалаага биз көңүл бурбайбыз" деди ал 30-августта.

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу кеминде эки жерде шайлоочулардын онлайн системасы хакерлердин чабуулуна кабылганын, буга Орусия жана башка мамлекеттер каржылаган, АКШдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр барды деп айткан болчу.

Мамлекеттик базада шайлоочулардын аты-жөнү, жашаган жери жана башка жеке маалымат сакталат.

Июль айында Иллинойс штатындагы базадан 200 миң шайлоочу тууралуу маалымат уурдалганда система 10 күндөй иштебей турган.

Президенттик шайлоо АКШда быйыл күзүндө өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG