Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

АКШ мурдагы тажик полковниги жөнүндө маалымат үчүн үч миллион доллар убада кылды


Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

АКШ "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен тажикстандык мурдагы күч кызматкери, Гүлмурод Халимов тууралуу маалымат бергендерге 3 миллион доллар сыйлык убада кылды.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Курт Райстын айтуусунда, Халимов АКШнын "өзгөчө кооптуу террорчулар" тизмесине киргизилген.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын отрядынын мурдагы командири, кесипкөй көзгө атар, Орусиянын жана АКШнын атайын аскерий бөлүктөрүндө машыккан Гүлмурод Халимов былтыр апрель айында дайынсыз жоголуп кеткен. Кийин ал ИМ тобунун катарында экенин өзү жарыялап, интернеттен видеокайрылуу аркылуу башкаларды да анын артынан барууга чакыргын.

Тажик бийлиги аны мурда алган даража, наамдарынан ажыраткан. (RK)

XS
SM
MD
LG