Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Өзбек президенти Каримовдун абалы тууралуу жаңы маалымат жок


Өзбекстандагы эгемендик майрамы.
Өзбекстандагы эгемендик майрамы.

Өзбек өкмөтү 31-августта Ташкенде президент Ислам Каримовдун катышуусунда өтөрү пландалган расмий майрамдык иш-чаралар токтотулганын 29-августта жарыялады. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, мындай чечим мээсине кан куюлуп ооруканага түшкөн Каримовдун абалы дагы да начарлап кеткенине байланыштуу кабыл алынган болушу ыктымал.

Бул аралыкта Эгемендиктин 25 жылдыгы менен куттуктоолор Ислам Каримовдун атына келе баштады. АКШ президенти Барак Обама менен Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин Өзбекстандын президенти көз карандысыздыкка ээ болгонунун 25 жылдыгы менен куттуктап, Каримовго бекем ден соолук каалашкан.

Ошентсе да майрамга карата 1-сентябрь күнү элдик сейилдөөлөр уюштуруларын Өзбекстандын Маданият жана спорт министрлиги кабарлады. Айрым облустарда көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган иш-чаралар 29-августта өткөрүлдү. 78 жаштагы Ислам Каримов 28-августта мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөн. Айрым маалымат агенттиктери ишенимдүү булактарына таянып, Каримов дүйнө салганын жазышууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG