Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө эгемендигинин 25 жылдык мааракесинде өлкө башчы өткөн тарыхка баа берип, келечекке максаттарды, тапшырмаларды коюшу керек болчу.
- Атамбаев бул күнү элдин башын бириктирген, ынтымакка чакырган сөздөрдү айтышы керек болчу. Мына ошондо чыныгы президенттин, лидердин деңгээли болмок. Бирок Атамбаевдин бүгүнкү сөзү Кыргызстанды уят кылды. Эгер өлкө жетекчисинин деңгээли ушул болсо, мындай мамлекеттин келечеги кыйын болот.
Өмүрбек Текебаев президент Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети менен 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына контрреволюциячыл, эски режимди кайра жандандырууга белсенип жатат деген пикирин билдирди.
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев эгемендик майрамына карата куттуктоосунда мурунку президент Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган эле.(BkA)