Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айыптады


Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан салтанатта Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кескин сындады. Ал соңку убакта айрым саясатчылар, депутаттар жана бир катар маалымат каражаттары Баш мыйзамга байланыштуу өзүн сындап, каралап жаткандыктан бүгүн бул темага кайрылууну туура көргөнүн айтты.

- Мени бийликти узурпациялайт деп айыпташууда. Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Дүйшөбаев, Шерниязов башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кайрылуусу да ушундай ушактардын бири. Алардын 2010-жылы жарандар референдумда парламенттик башкаруу системасын ишеним менен тандап алды дегени калп. Анткени, биринчиден 2010-жылдагы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну киргизген эмес. Бул Конституция бизди авторитардык режимге бардык негиздерди салган президенттик-парламенттик башкарууга алып келди. Кайрылууда эл парламенттик башкаруу үчүн добуш берген деп атышпайбы. Ошондуктан аны өзгөртүү керек.

Экинчиден, жарандар өздөрү билип шайлады деген туура эмес. Шайлоочулардын көпчүлүгү референдумда бир жарым жылга болсо да президентти кошо шайлап жатканын билген эмес. Бир дагы шайлоо бюллетенинде президенттикке талапкерлердин аты-жөндөрү тургай президентти шайлоо тууралуу ишарат да камтылган эмес.

Ошол референдумда биз Отунбаеванын бийлигин легалдаштырып бердик. Бул туура кадам болчу. Себеби легитимсиз өкмөт менен эч ким иштегиси келген эмес. Биринчи жолугушууда эле мен Убактылуу өкмөттүн түзүлүшүнө, Баш мыйзамды чукул өзгөртүүгө каршы чыккам. Парламент Отунбаеваны спикер катары шайлоого даяр эле. Ал автоматтык түрдө президенттин милдетин аткаруучу болуп калмак. Балким, ушундай жол мыйзамдуу болуп, кан аз төгүлмөк, - деди Атамбаев. (NT)

XS
SM
MD
LG