Кыргызстанда 1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Суусамырда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте 1-сентябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 28…30 градуска чейин ысыйт.