Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:25

Өзбекстандын атынан эгемендик майрамына куттуктоо келген жок


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун атынан мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге Эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо келе элек. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Президенттин сайтында жарыяланган маалыматта Орусия, Германия, Иран, Польша, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмираты, Бельгия, Индия, Түштүк Кореянын башчылары, Сауд Арабия падышасы жана башка лидерлер Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин көз карандысыздык күнү менен куттукташты. Алардын арасында өзбек лидеринин каты жок.

78 жаштагы Ислам Каримов 28-августта мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөн. Айрым маалымат агенттиктери Каримов дүйнө салганын жазышууда. Бирок, расмий Ташкент муну ырастай элек. Өзбек өкмөтү 31-августта башкалаа Ташкентте президент Ислам Каримовдун катышуусунда өтөрү пландалган расмий майрамдык иш-чаралар токтотулганын жарыялады. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, мындай чечим Каримовдун абалы начарлап кеткенине байланыштуу кабыл алынган болушу ыктымал. Буга чейин Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата куттуктоолор Ислам Каримовдун атына АКШ жана Кытай лидерлеринен келгени кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG