Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун "Сирия армиясы химиялык курал колдонду" деген докладын таануудан баш тартты.
БУУнун жана Химиялык куралга каршы уюмдун доклады Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде шейшемби күнү талкууланды.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин докладда "бир да ысым жазылган эмес" деп, АКШнын жана башка бир катар мамлекеттердин Сириядагы химиялык чабуулдар үчүн жооптууларга карата санкция киргизүү талабын колдоодон баш тартты.
Human Righs Watch эл аралык укук коргоо уюму Орусиянын бул турумун сынга алып, "Москва кылмыш ишти Гаага сотуна өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылып жатат" деп айыптады.
Улуу Британия менен Франция химиялык курал колдонулганы тууралуу далилдерге ынанып, Сирия жетекчилигин, президент Башар Асадды аскерий кылмыш кылды деп айыпташты.
24-августта БУУнун эксперттери Сирияда химиялык куралды өкмөттүк күчтөр да, өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ да колдонгону тууралуу доклад жасаган. Анда зарин, хлор газы жана башка химиялык заттар 2015-жылдын декабрынан азыркыга чейин жалпысынан 130 жолу колдонулганы айтылат. (RK)