Өзбекстанда Эгемендиктин 25 жылдыгын белгилөө боюнча бүгүн башталган иш-чараларга премьер-министр Шавкат Мирзиёев жетекчилик кылууда.
Борбор шаар Ташкентте майрамдык салтанаттар жарым-жартылай токтотулган.
Ташкенттен түшкөн кабарларга караганда, бүгүн кечинде өзбек башкалаасында Көз карандысыздык күнүнө арналып, адатта президент Ислам Каримов катышып сөз сүйлөөчү расмий салтанат болбойт.
Ал эми 1-сентябрь Көз карандысыздык күнү да Ташкентте жалпы эл катыша алуучу майрамдык иш-чаралар шаар бийлигинин чечимине ылайык күндүзгү 11ден кечки 6га чейинки убакыт менен чектелди.
Бул аралыкта Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тилляева бүгүн интернеттеги өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу окурмандарын атасынын тезирээк сакайып кетишин каалаган тилектери үчүн ыраазылыгын билдирди.
Атасы мээсине кан куюлуп, реанимацияда жатканын ал 29-августта ырастаган.
78 жаштагы Ислам Каримов ооруканага түшкөнүн өзбек өкмөтү андан бир күн мурда билдирген болчу. Андан бери президенттин абалы боюнча расмий эч нерсе айтыла элек. (UE/RK)