Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бекназаров Үңкүр-Тоо маселесин чечүүнү президенттен талап кылды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун президент Алмазбек Атамбаевге ачык видео кайрылуусу интернетке жарыяланды. Анда Бекназаров бүгүнкү Эгемендиктин 25 жылдыгына карата өткөн салтанатта президенттин айткандарын сындап, Атамбаев чечүүгө муктаж чек ара маселелерине кайрылбай, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды айыптаганы туура эместигин айтып чыкты.

Азимбек Бекназаров 1-сентябрда Жогорку Кеңештин күн тартибине биринчилерден болуп Үңкүр-Тоо маселеси каралышы керектигин, бул жер Өзбекстандыкы деген документтерге тиешелүү аткаминерлерди элге ачык жарыялоону, мурунку документтерди жокко чыгарып, бул боюнча расмий Ташкенге нота жолдоону, өзбек милицияларын чыгарууну талап кылды. Эгерде ал аткарылбаса, элдик курултай чакырыларын кошумчалады.

-Эгер аскерлериңиздин же чек ара кызматынын күчү жетпесе, андай укукту мага бергиле. Кыргызстандын патриотторунан турган топ Үңкүр-Тоодон коңшулардын чек арачыларын чыгарууга кубаты жетет. Эгемендиктин 25 жылдыгында Конституцияны өзгөртөм деп айтканыңызга түшүнбөй турам. Сизге эмне бийлик жетпейби? Бүгүнкү күнү сиз мамлекеттин президентисиз, кол башчысыз.Ошону менен бирге тышкы саясатты аныктаган кишисиз. Үңкүр-Тоого байланыштуу маселедеги эң жогорку деңгээлдеги күнөөлүү адамсыз. Анткени буга байланыштуу бардык мыйзамдуу бийлик сиздин колуңузда.

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында өткөн салтанатта президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындап чыккан. Президент майрамда кыргызстандыктарды куттуктагандан тышкары Баш мыйзам жана аны өзгөртүү зарылдыгы тууралуу гана сөз сүйлөгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG