Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Ислам Каримов элин Эгемендик күнү менен куттуктады


Ислам Каримов.
Ислам Каримов.

Анын куттуктоосун УзТВ телеканалынын алып баруучусу кечки жаңылыктар учурунда окуп берди. Бирок диктор өзбек президентинин саламаттыгы жөнүндө бир да сөз айткан жок.

Көп өтпөй Даракчи.уз сайты президенттин куттуктоосунун толук текстин жарыялап, булак катары УзА кабарлар сайтын көрсөткөн. Бирок аталган сайтта куттуктоо жок болуп чыкты, Даракчи.уз өзү да бат эле куттуктоонун текстин алып салды.

Өзбекстандын президенти 28-августта саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматтан башка расмий эч кандай кабар айтыла элек. Ислам Каримов 31-августта Эгемендик майрамына арналган салтанатка да катышкан жок. 31-август күнү анын кичүү кызы Лола Каримова социалдык тармактардагы баракчасында атасынын айыгып кетүүсүн тилеген тилектери үчүн мекендештерине ыраазычылык билдирип, “ал каалоолор атасынын айыгуусуна жардам берип жатканын” айткан.

29-август күнү кечинде Фергана.ру агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, Ислам Каримов өлгөнүн маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG