Бүгүн Кыргызстанда 2200дөн ашуун жалпы билим берүүчү мектепте жаңы окуу жылы башталды. Расмий маалыматтар боюнча, 1 091260 бала бүгүн мектеп партасына отурат. Анын ичинен жүз миңден ашууну алгачкы жолу мектеп босогосун аттап жатышат.
Жаш жеткинчектерге 29 116 мугалим сабак берет.
Жаңы окуу жылына 98 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Дагы 28 мектептин капиталдык ремонту жыл аягына чейин бүтөт.
Мектептер окуу китептери менен 79% жабдылган. (ZKo)