Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Текебаев парламент фракцияларын жаӊы коалиция түзүүгө чакырды


Өмүрбек Текебаев - Алмазбек Атамбаев.
Өмүрбек Текебаев - Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеӊештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттеги фракцияларды жаӊы коалиция түзүү менен саясий кризистен чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурдагы президент жана анын айланасындагылар өлкөдөгү саясий кризистин жаралышына себепкер болууда. Мындай кырдаалда парламенттеги фракциялар президентти катыштырбастан жаӊы коалиция түзүү менен өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Текебаев парламенттеги фракцияларды президенттин айланасындагылардын жетегинен бошонуп, көз карандысыз өкмөт түзүүгө үндөдү.

-Жогорку Кеӊешке бийликти эл берген. Ошондуктан, президент жана анын айланасындагылардын «малайы» болбостон көз карандысыз иш алпарышы керек.

Өмүрбек Текебаев саясий кризис күчөп кетсе, парламенттеги фракциялар мындай кадамга барууга милдеттүү экенин эскертти. (BkA)

XS
SM
MD
LG