Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Орусияда "патриоттордун" башка улуттун өкүлүн сабаган видеосу тарады


Интернетте өздөрүн "патриот" деп атагандардын кыргыз улутундагы кыз менен жүргөнү үчүн башка улуттун өкүлүн токмоктогону тартылган видео тарады.

1-cентябрда чыккан видеодо кыргыз тилинде сүйлөгөн балдар башка улуттун өкүлүнөн кыргыз кыздарга жолобоону талап кылып, уруп-сабап, сөгүп жатканы көрсөтүлгөн.

Аны тартып, интернетке жайгаштыргандар ким экени жана сабалган кайсы улуттун жараны экени азырынча белгисиз.

Орусияда кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүнө каршы чыккан топтор 2012-жылы пайда болгон. Алар өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыздарды жылаңачтап, сабап, суракка алган видеолорду интернетке жайгаштырышат.

Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. Быйыл жыл башында Москвада эки кыргызстандык кызды кордоп, видеосун интернетке тараткан үч жаран кармалган. Алар расмий кечирим сурагандан кийин кое берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG