Лейлек райондук мамлекеттик акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, шайлоодо Бешкент айыл аймак башчысынын милдетин аткарып турган Таалай Алимбековдун гана талапкерлиги коюлган. Аймакта ушул жылдын 27-мартында жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтүп, 21 депутат шайланган. Ал эми айыл аймак башчысын шайлоо 11-майга белгиленип, депутаттар аны шайлай алышкан эмес. 7-июнда да шайлоо болуп, экинчи ирет да шайлоо натыйжасыз аяктаган.
Бешкент айылдык кеңешинин депутаттары БШКга кайрылып, жергиликтүү кеңешти таркатпай туруп, айыл аймак башчысын кайра шайлоого мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн болчу. (JsA)