Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Ошто расмийлерди күткөн дагы бир окуучу эси ооп жыгылды


Жээнбеков, Кадырбаев жана окуучуну дарыгерлер карап жаткан учур.
Жээнбеков, Кадырбаев жана окуучуну дарыгерлер карап жаткан учур.

“Жетиген” мектебинин ачылыш аземи учурунда балдардын бири эс учун жоготуп кулады. Дарыгерлер ага тийиштүү жардам көрсөткөндөн кийин гана окуучу өзүнө келди. Азыр анын абалы канааттандырарлык деп билдиришти. Окуучу эртең менен жакшы тамактанбай келгендиктен, тик тура берип алы куруп калган деп айтылууда. Мектептин жетекчилиги баланын аты-жөнүн тактаган жок, бирок ал мурда да ушундай болуп эси ооп калчу адаты бар болгонун билдирди.

Маалым болгондой, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан каржыланган “Жетиген” мектебинин ачылышына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдер катышты.

Кечээ күнү да Ош шаарына караштуу Озгур айылында “Семетей” балдар бакчасынын ачылуу аземи алдында расмийлерди күткөн окуучулардын бири эси ооп кулап түшкөн. Ага да биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен мэр Айтмамат Кадырбаевдер бир саатча кечигип барышкан эле.

Былтыр Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде премьер-министр Темир Сариевди тосуп алууга чыккан окуучулардын бири эсин жоготуп, кулап түшкөн. 2012-жылы Баткенде президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу үчүн тизилген окуучулардын да бири эсин жоготкон эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG