1916-жылдагы кандуу окуялардын 100 жылдыгына жана быйылкы тарых жана маданият жылына карата Каракол шаарында Үркүн шейиттерине арналган эстелик орнотулду. Жеңиш паркынын ичине тургузулган монументте ата-бабалардын качып, ашууну ашып бараткандагы элеси чагылдырылган. Анын туурасы 16 метр, бийиктиги 4 жарым метрди түзөт. Эстелик үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 1 миллион 873 миң, президенттин фондунан 2,7 миллион сом бөлүнгөн. Айланасын көрктөндүрүү үчүн 4 миллион 473 миң сом сарпталган.
Үркүнгө арналган эстеликти орнотуу үчүн скульпторлорго сынак жарыяланып, апрель айында долбоору кабыл алынган. Анда Мирлан Бакачиев аттуу скульптор жеңип алган. Эмгеги үчүн ал 100 миң сом менен сыйланат. Эстелик Көчмөндөр оюндарын утурлай расмий ачылат. (AsM)