Британия Евробиримдиктен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү быйыл баштабасын өкмөт башчы Тереза Мэй билдирди.
Бул тууралуу ал шаршембиде Евробиримдиктен чыгуу иштери боюнча министрлер менен алгачкы жолугушуусунда айтты.
Ошондой эле Мэй Евробиримдиктен чыгуу боюнча дагы бир референдум өткөрүү ыктымалдыгын четке кагып, “Улуу Британия Евробиримдикке кайра арткы эшиктен кирбейт” деди. Лондон дүйнөлүк саясаттагы жаңы ордун ийгиликтүү табарын кошумчалады.
Июнь айындагы референдумда британиялыктардын 52%ы Евробиримдиктен чыгууну колдогон. Ошондон бери Брюссель Лондонго чыгуу жараянын мүмкүн болушунча тездетүүгө чакырып келет.