Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Меркель: Германиядагы чабуулдарга качкындар агымынын тиешеси жок


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Германия канцлери Ангела Меркель жакындагы чабуулга качкындар агымынын тиешеси жоктугун билдирди. Sueddeutsche Zeitung гезитине берген маегинде канцлер өлкөдө терроризм коркунучу миграция кризисине чейин эле болуп келгенин айтат.

Ошол эле учурда Меркель миграциялык саясатта ката кетиришкенин моюнга алып, мигранттар боюнча жалпы европалык реформа мындан он жыл мурда эле зарыл болгонун белгиледи. Ага улай Меркель Шенген аймагынын тышкы чек араларын коргоонун маанилүүлүгүн кошумчалады.

2015-жылы Жакынкы жана Орто Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн жалпысынан миллиондон ашуун адам Германиядан башпаана сурашкан. Июль айындагы качкындар тарабынан жасалган чабуулдан кийин өлкө бийлиги “ачык эшик саясаты” үчүн сынга кабылган. Меркель чабуулдарды айыптаган менен миграция саясатын өзгөртпөй келет.

XS
SM
MD
LG