2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33;
Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;
Нарын дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 2-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15 градус, күндүз 28...30 градус ысык болот.