Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Орусия Беслан курмандыктарын эскерүүдө


Беслан курмандыктары.
Беслан курмандыктары.

Эки миңдей адам бүгүн Бесландагы мектепке келишип, 12 жыл мурдагы курмандыктарды эскеришти.

Мектептеги шейит кеткендердин сүрөттөрү илинген жерге гүлдөрдү, гүлчамбарларды, жумшак оюнчуктарды жана суу коюшууда. Окуучулар барымтада отурганда тамчы сууга зар болушкан эле.

Беслан курмандыктары Владикавказ, Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда эскерилүүдө.

2004-жылдын 1-сентябрында террорчулар Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектептин 1200дөн ашуун окуучуларын, мугалимдерди барымтага алышкан. Террордук чабуул жана барымтадагыларды бошотуу учурунда 334 адам өлгөн. Анын 186сы балдар. Терактка чечен жоочуларынын лидерлеринин бири Шамил Басаев жоопкерчилик алган.

Өткөн жылдын июлунда адам укуктары боюнча Европа соту Беслан барымтасында жабыркагандардын арызын карай баштаган. Арыз бергендер орус бийлиги жарандарын коркунучтан сактай албаганын айтышат. Ошондой эле бошотуу операциясы даярдыксыз жүргүзүлгөнүнө, коогалаңды тергөө жетиштүү болбогонуна даттанышкан.

XS
SM
MD
LG