Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Беслан курмандыктарынын энелерин полиция кармады


Бесланда 2004-жылдын 1-3-сентябрындагы кайгылуу окуяны бийлик объективдүү иликтебей жатканына нааразылык билдирип чыккандардын ичинен бешөө кармалды.

Ал эми акцияны чагылдыруу үчүн барып, алар менен кошо кармалган "Новая газета" жана "Такие дела" басылмаларынын журналисттери Елена Костюченко менен Диана Хачатрян коё берилди.

Балдары ошол каргашада көз жумган же барымтада болгон беш эне орус президенти Владимир Путинди айыптаган жазуулары бар футболкаларды кийип чыгышкан. Алар массалык иш-чара өткөрүү эрежесин бузду деп айыпталууда.

2004-жылдын 1-сентябрында террорчулар Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектептин 1200дөн ашуун окуучусун жана мугалимдерди барымтага алышкан. Террордук чабуул жана барымтадагыларды бошотуу учурунда 334 адам өлгөн, анын 186сы балдар. Трагедиянын күнөөкөрлөрү алигиче жазасын алыша элек.

XS
SM
MD
LG