Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Өзбекстандын премьер-министри шашылыш Самарканга келди


Самарканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Самарканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

1-сентябда түштөн кийин Шавкат Мирзияев президент Ислам Каримовдун кичи мекенине келди. “Азаттыктын” мобилдик кабарчысынын маалымдашынча, шаарга милиция толгон, Улукбектин обсерваториясынан “Сиеб” базарына чейинки жолдор бардык тарабынан тосулган. Ал жакта үйү барлар гана өтүп жатышат.

Өзбек өкмөт башчысы келгенин жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизде шаар бийлигиндеги ишенимдүү булактар да тастыктады.

Кеч кирип калганына карабастан, миңдей короо шыпыргычтар Регистан аянтынан тартып, Бибиханым мавзолейине чейин, “Жолборстор скверин” жана борбордук Ташкен көчөсүн тазалашууда деп билдирет кабарчы.

Шаар бийлигиндеги ишенимдүү булактар сквер жөө адамдар үчүн да жабылганын билдирди.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканада дарыланып жаткан мезгилде аткаруу бийлигин премьер-министр Шавкат Мирзияев колуна алган.

28-августта өзбек өкмөтү Ислам Каримов дарыланып жатат деп кабарлаган. Кийинки күнү кызы Лола Каримова атасынын мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөнүн социалдык тармактар аркылуу маалымдаган. 31-август күнү ал өзбекстандык мекендештерине атасынын ден соолугун тилешкени үчүн ыраазычылык билдирип, ал тилектер атасынын айыгуусуна жардам берип жатканын жазган эле. Бүгүнкү күнгө чейин өзбек бийлиги Каримовдун саламаттыгы тууралуу кошумча маалымат берген жок.

29-август күнү Фергана.ру агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, Каримов дүйнөдөн кайтканын кабарлаган. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес. Аталган агенттик 2-сентябрда Ислам Каримовдун тажиясы ишемби күнү Самарканда болот деген кабар таратты.

XS
SM
MD
LG