Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

АКШнын “кара тизмеси” кеңейди


Украина, Крым.
Украина, Крым.

Орусиянын Украинанын чыгышындагы мыйзамсыз аракеттери жана Крымды аннексиялап алышынан улам түзүлгөн "кара тизмеге" 37 киши менен ишканалар кирди. Алардын катарында Орусия менен Крым жарым аралынын ортосуна көпүрө курган «Мостотрест» жана «СГМ-Мост» компаниялары да бар. АКШга кирүүгө Украинанын чыгышындагы жикчилдердин алты өкүлүнө жана Крымдагы 11 аткаминерге тыюу салынды.

Эл аралык активдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жон Смит туруктуулукка, тынчтыкка коркунуч келтиргендерге жана Украинанын көз карандысыздыгына залакасын тийгизгендерге санкцияны киргизүү улана берет деп билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG