Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Венесуэлада он миңдеген кишилер президент Мадурого каршы акцияга чыгышты


Нааразылык.
Нааразылык.

Алар Мадуронун кызматтан кетүүсүн талап кылып, жыл аягына чейин ишеним көрсөтпөө pеферендумун өткөрүүнү талап кылышты. Оппозициянын митинги менен катар эле Мадуронун тарапкерлери да демонстрацияга чыгышты. Венесуэла өкмөтү оппозицияны төңкөрүш аракетине айыптоодо. Августтун башында бийликтин каршылаштары импичмент демилгесин колдоп, кол чогулта баштаган, бирок алардын чогулткан колу тиешелүү өлчөмгө – 4 миллионго жеткен эмес.

Мунайдын баасы арзандагандан кийин Венесуэла терең экономикалык кризиске баткан. Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү товарларга таңсыктык байкалат, азык-түлүк дүкөндөрүндө күн сайын узун кезектер турат. Оппозиция Мадурону акылсыз экономикалык саясат жүргүздү деп айыптоодо. Ал эми бийлик азык-түлүк таңсыктыгына АКШны күнөөлөйт.

XS
SM
MD
LG