Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Орусия: "патриоттордун" соңку видеосу боюнча иликтөө башталды


1-сентябрда интернетте тараган кыргызстандык "патриоттордун" видеосу качан, кайсы жерде тартылганы такталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, "патриотторго" байланышкан бир факты боюнча кылмыш иши сотко ашты. Азыр каралып жатат.

Интернетте өздөрүн "патриот" деп атагандардын кыргыз улутундагы кыз менен жүргөнү үчүн башка улуттун өкүлүн токмоктогону тартылган видео кечээ тараган эле. Анда кыргыз тилинде сүйлөгөн балдар башка улуттун өкүлүнөн кыргыз кыздарга жолобошун талап кылып, уруп-сабап, сөгүп жатканы көрсөтүлгөн. Аны тартып, интернетке жайгаштыргандар ким экени жана сабалган кайсы улуттун жараны экени азырынча белгисиз.

Орусияда кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүнө каршы чыккан топтор 2012-жылы пайда болгон. Алар өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыздарды жылаңачтап, сабап, суракка алган видеолорду интернетке жайгаштырышат.

Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG