Мурдагы маданият министри, "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Нурлан Шакиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилбей турган чакта парламенттин дагы 10 күндөн ашык убакытка эс алууга кеткенин сындап чыкты. Ал Жогорку Кеңеш Үңкүр-Тоого өзбекстандык десанттардын түшүүсү, ал жерде иштеп жаткан кыргызстандык төрт жумушчунун кармалышы, талаштуу чек ара маселелерин кечиктирбей талкуулашы керек болчу деген оюн "Азаттык" радиосуна билдирди.
- Парламенттин эки ай эс алганы аз келгенсип, дагы он эки күнгө тараганы туура эмес. Мындай парламенттин эмне кереги бар? Анда тарашы керек. Төрт жаран камакта жатса, булар эмнеге жыргап жүрүшөт?
Кечээ КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Курман айтка байланыштуу эл өкүлдөрү толук катышпай калышы мүмкүн деген негизде 12-сентябрдан кийин ишти улантууну сунуштап, ага 69 депутат "макул" деген добуш беришти.
Спикер Чыныбай Турсунбеков бул убакыт аралыгында жалпы жыйындар өтпөй турганын, ал эми парламент комитеттеринин иши уланарын билдирген. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети кечээ Үңкүр-Тоо маселесин жабык карады. Коомчулукта мындай маселелер Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралууга тийиш деген сындар көбөйгөнү байкалууда. VI чакырылыштагы парламент 30-июнда эки айлык эс алууга тарап, күзгү сессиясын 1-сентябрда эле баштаган болчу. (NT)