Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 3-сентябрда Кытайга сапарын токтотуп Өзбекстанга барууну көздөп жатат. Бул тууралуу казак өкмөтүндөгү ишеничтүү булактарга таянуу менен Reuters агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, Назарбаевдин мындай күтүүсүз сапары Ислам Каримов дүйнөдөн кайтты деген кабарларды ырасташы мүмкүн.
Өзбекстандын өкмөтү бүгүн Каримовдун абалы өтө оорлоп кеткенин кабарлаган. Бирок, анын өлүмү тууралуу ачык жарыялай элек. (NT)