Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Өндүрүш Токтонасыров парламенттин ишке чыгуусун талап кылды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Жогорку Кеңештин алдына "Өзүңөрдү өзүңөр билип, өтүгүңөрдү төргө илбегиле" деген чакырык менен маасы көтөрүп алып пикетке чыкты. Ал парламент депутаттарынан чукул жумушка киришип, маанилүү маселелерди талкуулоону талап кылды.

-120 депутат Көчмөндөр оюндарына катыша тургандай спортчулар эмес да. Азыр кырдаал кыйын болуп турат. Москвадагы өрттөн каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндерге байланыштуу маселени, Үңкүр-Тоодогу телемунарадагы төрт жарандын бошотулбай жатышын, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү сунушун талкуулаш керек. Ошого бүгүн түштөн кийин болсо да чогулуп аталган маселелерди кароону талап кылам. Спикер Чыныбай Турсунбеков эл алдында кечирим сурап, тез арада эл өкүлдөрүн сессияга чогултууга тийиш. Өзбекстанда төрт жараныбыз кармалып турат, Орусияда кайдыгерликтен 14 кызыбыз шейит кетти. Ушулардын баарын көрүп-билип туруп парламенттин эс алууну узартканы ээнбаштык, саясий шермендечилик. Биз аларды жыргагыла деп шайлаган жокпуз.

Өндүрүш Токтонасыров эгерде депутаттар 12-сентябрга чейин чогулбаса, жарандык активисттер парламент таркасын деген талап менен чыгышарын кошумчалады.

Ал арада Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 12-сентябрга чейин иш токтоду деген маалыматтарды четке какты. Бул мезгил аралыгында тармактык комитеттер менен фракцияларда жыйындар өтөрүн, бир катар депутаттардын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турганына байланыштуу жалпы жыйындар гана убактылуу токтотуларын жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG