Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барышы мүмкүн


Өзбекстан президенти Ислам Каримов, 24-июнь, 2016-жыл.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов, 24-июнь, 2016-жыл.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өкмөттөгү булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, Өзбекстан тараптан Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу расмий кабар келе элек. Буга байланыштуу өкмөт башчынын сапары тууралуу так айтылбайт. Эгерде Каримовдун дүйнө салганы жана качан жерге берилери тууралуу расмий кабар келип түшсө, анын тажиясына президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барат.

Ошол эле маалда премьер-министрдин басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов өзбек лидеринин каза болгону тууралуу расмий маалымат жок болгондуктан, Жээнбековдун Өзбекстанга сапары тууралуу айтуу эрте экенин билдирди.

Өзбекстандын өкмөтү бүгүн эртең менен Каримовдун абалы өтө оорлоп кеткенин жарыялады. Айрым маалымат булактары Ислам Каримовдун каза болгонун кабарлашты. Каримовдун кичи мекени Самаркан шаарында президентти акыркы жайга узатууга камылга көрүлүп жатканы маалымдалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG