Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Беслан: Балдарынан айрылган энелер жазаланды


Акцияга чыккан энелер
Акцияга чыккан энелер

Бесланда 2004-жылдагы трагедияга байланыштуу нааразылык акциясына чыккан аялдар коомдук иштер жана айыппул менен жазаланды.

Кечээ балдарынан айрылган беш эне президент Владимир Путинди айыптаган жазуусу бар кийимчен акцияга чыгып, мектептеги кол салууну уюштургандарды жазалоо талабын койгон болчу.

2004-жылдын 1-3-сентябрында Орусиянын субъекти Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 орто мектепте жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанатка келген 1200 окуучу жана мугалимди куралчан топ барымтага алган. Имаратты террорчулардан бошотуу операциясында 334 адамдын өмүрү кыйылган. Алардын 186сы балдар болчу.

Бул кол салуу үчүн эч ким жазалана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG