Түркияда Соттордун жана прокурорлордун жогорку кеңеши 543 судья жана прокурорду иштен алды. Алардын баары мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыпталды.
Ушуну менен сот органдарынан четтетилген кызматкерлердин жалпы саны 3390го жетти.
Президент Режеп Тайип Эрдоган бул тазалоо сот системасынын көз каранды эместигин камсыз кылуу максатында жасалып жатканын айтты.
16-июлга караган түнү Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, бирок ал ишке ашкан эмес. Бул үчүн бийлик бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүленди айыптоодо.
Мындан тышкары 3 миң аскер кызматкери, анын ичинде 149 генерал жана адмирал иштен алынган. (RK)