Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандан бара турган делегациянын курамы белгилүү болду.
"Азаттык" радиосуна өкмөттөн кабарлашкандай, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, депутаттар Нодирбек Каримов, Анвар Артыков, экс-депутат Бахтияр Кадыров, коомдук ишмерлер Бөрүбай Жураев, Махамаджан Мамасаидов жана парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев болот.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салды.
Анын сөөгү 3-сентябрда өзү туулуп өскөн Самарканд шаарында жерге берилет.