Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Бишкекте Кыргызстан менен АКШ мамилеси талкууланды


Атамбаевдин АКШ өкүлдөрүн кабыл алуусу, 3-сентябрь, 2016-жыл. Бишкек.
Атамбаевдин АКШ өкүлдөрүн кабыл алуусу, 3-сентябрь, 2016-жыл. Бишкек.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчылары Дэн Розенблюм менен Ангела Агглерди кабыл алды. Өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнүн өзөгүн эки тараптуу ымаланын мындан аркы өнүгүү жолдору түздү.

Атамбаев АКШ мамлекеттин катчысынын өкүлдөрүнө 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдык мааракесине катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Коноктор бүгүн Ысык-Көлдө баштала турган Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына барарын маалымдашты. Эки тараптуу жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни да катышты.

Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык алака-катышы тууралуу негизги келишим 1991-жылы түзүлгөн. АКШнын Бишкектеги элчилиги 1992-жылы февралда ачылган. 1993-жылдагы кызматташууну жеңилдетүү тууралуу өкмөттөр аралык келишим түзүлгөн.

2015-жылы кыргыз өкмөтү Вашингтон ички иштерге кийлигишип жатат деген негизде келишимди бир тараптуу бузган. Кийинчерээк эки тараптуу ымала кайра жандана баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG