Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Көчмөндөр оюндарынын алкагында алгачкы беттештер башталды


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ордо, көк бөрү, мангала, тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча бүгүн алдын ала оюндар башталды. Маалыматка караганда, бүгүн казакча күрөштөн спортчулардын салмактары өлчөнөт жана жөө жаа атуу, атчан жаа атуу, алыскы аралыкка жаа атуу, бүркүт салуу, тайган жарыш жана далба ойнотуу мелдештеринен спортчулар каттоого алынат.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи кечки саат сегиз жарымда болот. Оюндарга 53 мамлекеттен миңге жакын спортчу катышары алдын ала айтылган. Учурда 39 мамлекеттин оюнчулары Чолпон-Ата шаарына келгенин Көчмөндөр оюндарынын расмий сайты кабарлады. Калган катышуучулар 3-сентябрь күнү кечке чейин келишет.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Анда улуттук спорттун 23 түрүнөн күч сыналат. (ECh)

XS
SM
MD
LG