Самарканд шаарында бүгүн Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, сөөгү жерге берилет. Мамлекет башчынын жасаты салынган кортеж Каримовдун кичи мекени Самаркандга бүгүн келди. 2-сентябрдан тарта калаа аэропорту жарандык каттамдар үчүн жабылды.
Самарканд шаарында Ислам Каримовду жасаты келген кортежди миңдеген жарандар тосуп алышты. Расмий кабарларга ылайык, коштошуу зыйнаты Регистан аянтында өтөт. Сөөгү Шахи-Зинда тарыхый мүрзөсүнө коюлат. Аталган көрүстөнгө Каримовдун ата-энеси жана бир катар коомдук ишмерлер көмүлгөн.
Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов оорудан улам каза болгону 2-сентябрда кечинде расмий маалымдалган. Ал 27-августта инсульт болуп ооруканага түшкөн эле. (SE)