Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Каримов менен коштошуу зыйнаты башталды


Самарканддагы президенттин резиденциясында Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталды. Тажыяга 17 мамлекеттен делегациялар келишти. Арасында Кыргызстан, Ооганстан, Орусия, Грузия, Украина, Беларус, Түштүк Корея, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн мүчөлөрү бар.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Мамлекет башчы оорудан улам каза болгону 2-сентябрда кечинде расмий маалымдалган. Ал 27-августта инсульт болуп, ооруканага түшкөн.

Мамлекет башчынын жасаты салынган кортеж Каримовдун кичи мекени Самаркандга бүгүн келди. 2-сентябрдан тарта калаа аэропорту жарандык каттамдар үчүн жабылды.

Самарканд шаарында Ислам Каримовду жасаты келген кортежди миңдеген жарандар тосуп алышты. Расмий маалымдалгандай, Каримовдун сөөгү Шахи-Зинда тарыхый мүрзөсүнө коюлат. Аталган көрүстөнгө Каримовдун ата-энеси жана бир катар коомдук ишмерлер көмүлгөн.

XS
SM
MD
LG